Журналист түз эфир алып барып жатканда көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү. Видео

Американын Түндүк Каролина штатында жергиликтүү телеканалдардын биринин кабарчысы аба ырайы тууралуу түз эфир алып барып жаткан кезде көпүрөнүн бир бөлүгү урап кеткен.
Sputnik

Fox 46 телеканалы маалымдагандай, окуя Александр аймагындагы Хидденит көпүрөсүндө болгон.

Жүрөктүн үшүн алган сел Арсланбап айылын каптады. Видео
Жамгыр катуу жаагандыктан аталган аймактагы унаа жолдорду суу каптап, айрым дарыялар жээкке аша баштаган.

Телеканалдардын биринин кабарчысы Эмбер Робертс тынбай жааган жаандан суунун көлөмү көтөрүлө баштаганын айтып жатканда көпүрөнүн бир бөлүгү урап түшкөн. Аз жерден сууга түшүп кете жаздаган кабарчы сүйлөп жатып кыйкырып жиберген.

Журналист түз эфир кылып жатканда көпүрөдө алардан башка дагы бир адам болгон. Ал дагы чуркап артка качкан. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.