Эл жабыла качты. Минскиде жаш агызган газ колдонулган учурдун видеосу

9-августтан бери Беларуста нааразылык акциялары токтой элек. Эл президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай койду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Минскиде митингге чыккандарды көздөн жаш агызган газды колдонуп кубалаганда, эл жайыла качты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Аталган районго эл чогулуп, андан ары нааразылык маршын улантууга камынган.

Кабарчынын айтымына караганда, тартип коргоочулар бир нече кишини кармашты.

Беларустагы массалык нааразычылык акциялары 9-августта президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң башталган. Анда мамлекеттин азыркы лидери Александр Лукашенко алтынчы ирет жеңип чыккан. БШК президенттин добуштардын 80,1 пайызын алгандыгын билдирген. Ошондон бери өлкөдө саясий абал тынчыбай, митинг коштогон окуялар улам кайталанып келет.