Sputnik Кыргызстан мамлекет башчылыкты мелжегендер тууралуу фактыларды даярдап, буга чейин эки шайлоодогу (2011 жана 2017-жылдагы) көрсөткүчтөрдү да салыштырып көрдү.
63 талапкердин арыз бергени рекорд эмес
Кечээ, 14-ноябрда, саат 23.59дан кийин Кыргызстандын президенти болууну эңсегендердин арызын кабыл алуу токтотулду. Бул ирет тизме 63кө барып токтоду. Бирок бул рекорддук көрсөткүч эмес, себеби 2011-жылы каалоочулардын саны 83кө жеткен. Ал эми 2017-жылкы шайлоодогу статистикадан ашып түштү. Үч жыл мурда 59 адам президенттикке талапкерлигин койгон.
Ажо болуу кыялынан кайра тартпагандар
Жогоруда айтылган 63 жарандын жетөө үчүнчү ирет, 10 киши экинчи жолу президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жатат. Жаңы бийликти колго алган Садыр Жапаров да 2017-жылы арыз берген. Өзү ал учурда абакта отурган, бирок БШК 2013-жылы соттолгонун эске алып, аны шайлоодон четтеткен.
Президенттик шайлоого катышууну каалагандар:
- Адахан Мадумаров – 2011-жыл, 2017-жыл;
- Арстан Алай (Абдылдаев) – 2011, 2017;
- Назарбек Нышанов – 2011, 2017;
- Токтайым Уметалиева – 2011, 2017;
- Арсланбек Малиев – 2011, 2017;
- Бакир уулу Турсунбай – 2011, 2017;
- Бакыт Керимбеков – 2011, 2017;
- Кубан Чороев – 2017;
- Канат Исаев – 2017;
- Улукбек Кочкоров – 2017;
- Садыр Жапаров – 2017;
- Санжарбек Энназаров – 2017;
- Сазыкбай Турдумалиев – 2011;
- Нурлан Мотуев – 2011;
- Жеңишбек Байгуттиев – 2011-жылы бир тууганы Сейтек Байгуттиев койгон;
- Жамбылбек Камчиев – 2011;
- Жаныбек Суйуналиев – 2011;
- Кубанычбек Исабеков – 2011.
Жаш курагы
Президенттик жарышка аттанып жаткандарды карай келгенде, орточо курагы 49 жашты түзөрү анык болду.
- 40 жашка чейинкилер — 13 адам;
- 40-50 жаштын ортосундагылар — 15;
- 50-60 жаштын ортосундагылар — 24;
- 60-70 жаштын ортосундагылар — 11;
Андан кийинки сапта Султан Ажиматов менен Мирлан Калыбеков. Экөө тең 1985-жылы март айында туулган.
Ал эми эң аксакалы деп 66 жаштагы куудул Жамбылбек Камчиев, пенсионер Базарбек Темишов жана "Улутман" саясий партиясынын төрагасы Сазыкбай Турдумалиев экенин байкадык.
Шайлоого катышам деген эркектерге салыштырмалуу аялдар жети эсе аз. Ошентип, 8 аял, 55 эркек киши ажолукту эңсеп турат.
Президенттик мөөнөт учурунда 61 жашка чыккандар
Кыргызстандын эгемен тарыхындагы президенттердин баары 61 жашында тактан кулаган же мөөнөтү бүтүп кеткен. Өлкөдө президент алты жылга шайланат. Демек, 2021-жылдын 10-январында шайлоо өтсө, 2027-жылга чейин иштейт.
Жарышка чыккан 63 жарандын ичинен он талапкер 61 жаштан жогорку куракта.
Ал эми он киши алты жылдык президенттик мөөнөт учурунда 61 жашка толот. Тизмектей келсек, төмөнкүдөй:
- Марат Кайыпов — 2021-жылы декабрда 61ге чыгат;
- Анаркүл Араева — 2021-жылы июнда;
- Назарбек Нышанов — 2022-жылы мартта;
- Бакыт Керимбеков — 2022-жылы июлда;
- Урустам Кабылбеков — 2023-жылы февралда;
- Токтайым Уметалиева — 2023-жылы апрелде;
- Адахан Мадумаров — 2026-жылы мартта;
- Мыктыбек Арстанбек — 2026-жылы сентябрда;
- Кубанычбек Токтосунов — 2026-жылы июлда;
- Саматбек Ибраев — 2026-жылы февралда.
Сегиз "ишсиз" президенттикке аттанды
Мамлекетти башкарууну эңсегендердин катарын сегиз жумушсуз, үч пенсионер, беш мугалим, жети ишкер толуктайт. Ал эми 12си мамлекеттик ишканаларды, облус, райондорду, министрликти башкарган аткаминер жана бешөө Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары. Калганы укук коргоочулар, активисттер, арасында куудулдар да бар.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. БШК 10-декабрга чейин талапкер болуп катталгандардын тизмесин жарыялап, үгүт иштери башталат.