Галактиканын укмуштуудай көрүнүшү. Октябрда космостон алынган мыкты сүрөттөр

Sputnik

Октябрда бир нече космос кемеси учурулган - Союз МС-17 Эл аралык космос станциясына туташкан, ал эми "Союз-2" ракета-алып жүрүүчү орбитага "Глонасс-К" системасынын жаңы муундагы космос кемесин жеткирди.

Астрофизик-окумуштуулар алыскы галактикалардын, Fornax топ жылдызындагы NGC 1365 спиралынын жана Карышкыр топ жылдызындагы NGC 5643 адаттан тыш (туташкан) сүрөттөрүн тартышкан. Ал арада Россияда, Ангарлар үчүн учуруу аянтчанын курулушу уланууда.

1 / 12
"Союз МС" космос кемесинин Эл аралык космос станциясына келип кошулган көрүнүшү
2 / 12
Бул "Хаббл" телескобу менен тартылган Кассиопея топ жылдызындагы J025157.5 + 600606 объектинин сүрөтү
3 / 12
Космонавттар Анатолий Иванишин жана Иван Вагнер Эл аралык космос станциясында
4 / 12
Сахара чөлү. Сүрөттү Эл аралык космос станциясынан россиялык космонавт Иван Вагнер тарткан
5 / 12
Кеплер кратериндеги жер көчкү. Бул түзүлүш айдын көрүнүп турган тарабында жайгашкан.
6 / 12
"Хаббл" телескобу Карышкыр топ жылдызындагы NGC 5643 спираль галактикасын тартып алган. Ал туташуучу (SBc) өзгөчөлүгү менен кызыктуу.
7 / 12
"Союз МС-17" кемесинин Эл аралык космос станциясы менен туташкан көрүнүшү
8 / 12
Камчатканын жанар тоолору. Эл аралык космос станциясынан тартылган.
9 / 12
"Хаббл" космостук телескобу менен тартылган Lynx топ жылдызындагы NGC 2799 галактикасы
10 / 12
Марс планетасынын үстүңкү катмары
11 / 12
Fornax топ жылдызында жайгашкан NGC 1365 спиралдык галактикасы. Сүрөт "Хаббл" телескобунун жардамы менен тартылган.
12 / 12
"Глонасс-К" тутумунун жаңы муундагы космос кемеси менен "Союз-2" ракета алып жүрүүчү кемесинин космоско учурулган ирмеми