БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. COVID-19 мурдагыга караганда он эсе ылдам жайылып жатат, бирок вакцина анын мизин кайтарууда. Бул туурасында Science журналы жазды.
Түндүк Каролина университетинин (АКШ) окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, коронавирус кайрадан мутация боло баштаганы аныктаган. Европада D614G деп аталган жаңы штамм пайда болуп дүйнөгө желдей тарап жатканын айтат. Ал уламдан-улам көбөйүп, эң биринчи Кытайда чыккан штаммга караганда он эсеге тез тарай турганы аныкталган.
Адистер ал штаммды жаныбарга сынап көрүп өтө оор ооруларга жеткирбей турганын жана вакцинанын, антителого негизделген дарылардын жанында алсыз экенин билишкен. Натыйжада Ухандагы оорулар ичегини, жүрөк жана бөйрөктү кошуп жабыркатса, европалык штамм өпкө тканына гана зыянын тийгизет деген тыянакка келишкен.
Аталган университеттин эпидемиология, микробиология жана иммунология боюнча профессору Ральв Барик Кытайдагы штаммга каршы чыгарылган вакциналар иммунитетти жакшыртып жана жаңы штаммдан коргой турганын билдирген.