Жамгыр жаап, кар түшөт. Бир жумага карата аба ырайы

Келерки аптада аба ырайы суук болот деп божомолдонууда. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Билдирмеге ылайык, келерки аптада аба ырайы суук болот деп божомолдонууда. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Чүй, Талас аймактарында 15-19-ноябрга чейин күндүн көзү ачылбай, жаан, кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал.

Бишкектеги Чүй проспекти кар жааган учурда
Аба ырайы бузулат. Инспекторлор айдоочулар менен жөө адамдарга кайрылды
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында аба ырайы суук болуп, 16-ноябрдан тарта кар түшө турганы айтылды. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-ноябрда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда 16-ноябрда жана 19-ноябрда жаан жаабайт. Калган күндөрү аба ырайы бузулуп, кар аралаш жаан жаай турганы божомолдонду.

Ал эми Нарында 16-17-18-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 18-19-ноябрдан баштап кар түшүп, абанын температурасы кечкисин -10 градуска чейин суук болушу ыктымал.