Дарыгер тепловизорду үйгө сатып алуу "пайдасыз" экенин айтты

Дарыгер үй шартында колдонуу үчүн кадимки айнек градусникти сатып алууну сунуштайт. Инфракызыл градусниктердин ар дайым ката кетирери белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Адамдын дене табын алыстан өлчөгөн градусник, башкача айтканда, тепловизорду үйгө сатып алуу "пайдасыз" экенин дарыгер Александр Доленко билдиргенин РИА Новости жазды.

Дарыгер тепловизорду сатып алууну акчаны талаага чачуу катары сыпаттайт. Анткени мындай өлчөгүчтөрдүн тактыгы айнек градусниктерге караганда төмөн.

"Үйдө колдонуу үчүн кадимки айнек градуснигин алса болот. Электрондук градусник деле жарайт", — деген адис.

Буга чейин терапевт Ольга Кашубина адамдын дене табын электрондук же сымапсыз градусник так көрсөтөрүн айткан. Ал инфракызыл градусниктер ар дайым ката кетирерин белгилеген.