БИШКЕК, 14-ноя. – Sputnik. Cоциалдык тармактардагы өлкөнүн жарандары үчүн пенсиянын өлчөмү 65 пайызга көбөйөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
"Маалымат мейкиндигинде мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат таркатылып жатат. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган болуп саналат", — дешти аппараттан.
Маалыматта үстүбүздөгү жылы Социалдык фонд пенсияны жети пайызга көтөрүүнү пландап жатканы, бул максат үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынары белгиленген.