БИШКЕК, 14-ноя. – Sputnik. Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышкысы келип, арыз тапшыргандардын саны 50гө жетти.
Буга чейин 43үнүн аты-жөнү жарыяланган. Саат 17:00гө карата дагы жети адам БШКга арызын берди. Алар:
- Базарбай Темишов, пенсионер;
- Кубанычбек Исабеков, саясатчы;
- Жээнбек Искендеров, мугалим;
- Жаныбек Сүйүналиев, жумушсуз;
- Чынгыз Капаров, жумушсуз;
- Юлия Лилиенталь, мугалим;
- Санжарбек Энназаров, ишкер;
- Айбек Эркетаев, жумушсуз.