Пульмонолог коронавирус кандай учурда көп жайыла турганын айтты

Пульмонологдун айтымында, коронавирустан айыгып, бирок кийин коргонуучу каражаттарды колдонуудан баш тарткандар айлана-чөйрөгө көбүрөөк коркунуч жаратат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россиянын эмгек сиңирген дарыгери, пульмонолог Александр Карабиненко коронавирусту кимдер көбүрөөк жайылтарын айтты. Дарыгердин пикири РИА Новостиге жарыяланган.

Пульмонологдун айтымында, коронавирустан айыгып, бирок кийин коргонуучу каражаттарды колдонуудан баш тарткандар айлана-чөйрөгө көбүрөөк коркунуч жаратат.

"Коронавирустан айыккан кишилер дагы бет капты сөзсүз тагынышы керек. Ооруну жеңдик деп бет кабы жок жүргөндөр дартты башкаларга жугузуп жатат", — деди дарыгер.

Сасык тумоо менен коронавируска бир убакта кабылуунун кооптуулугу эмнеде
Медик белгилегендей, оору кеткен менен коронавирус адамдын дем алуу органдарында - мурун, тамакта калып калат. Ошондуктан бардык адамдар бет кап тагынышы шарт.

"Негизи эле коронавирусту бет кап тагынбаган кишилер көбүрөөк жайылтып жатышат. Алардын ичинде балдар дагы бар. Себеби аларга дайыма бет кап тагуу оңой эмес", — деген адис.

Буга чейин медиктер COVID-19га кабылган адам оорунун симптомдору пайда болгонго чейинки эки күн жана оорунун алгачкы күнү башкалар үчүн көбүрөөк коркунуч жарата турганын айтышкан.