Азыркы учурда ар түрдүү адистер коронавирус менен ооругандардын саны баланча айда же күндө эң көп болот деген божомолдорун айтып жатышат. Мен башка серепчилердин айткандарын кабыл алам, бирок аларга таяна албайм. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, зарыл болбосо ноябрь, декабрь айларында сыртка чыкпай, эл көп жерге барбай эле койгон оң.
"Менин жеке көз карашымда, алдыдагы суук мезгилдерде, алсак, ноябрь, декабрь, январь жана февраль айларында ооругандардын саны бирде көбөйүп, бирде азайып өйдө-ылдый болот. Мына ушул айларда мурдагыдан көбүрөөк коргонуп, өзүбүзгө кам көрүшүбүз зарыл. Оору баланча айда күчөйт экен деп эле ошол убакка даярдыкты көрө бербей, дайыма стартта турушубуз керек. Ал эми жаңы 5-протокол боюнча, үй-бүлөлүк дарыгерлер коронавирус менен жеңил ооруган адамдарды үйүнө жиберип, оор көтөргөнүн бейтапканага жаткырат. Үйдө дарыланган адамга антибиотик, кан суюлтуучу препараттар сунушталбайт. Жөн гана обочолонуп, туура тамактанып, суюктукту көп ичип, кыймылдуу болуп жана дем алуу көнүгүүлөрүн жасашы керек. Бейтап өзүнүн абалына байкоо жүргүзүп, эгер абалы оорлосо дарыгерге кайрылышы зарыл. Мына ушундай эң жөнөкөй ыкмада коронавирусту жеңсе болот", — деди Сооронбаев.
Дарыгер антибиотикти ыксыз колдонуудан улам микроорганизмдер ага көнүп алат, кийин чындап антибиотик керек ооруларга чалдыкканда пайдасы тийбей каларын кошумчалады.