Корея дрон-таксини сыноодон өткөрдү. Видео

Түштүк Корея өкмөтүнүн пландарына ылайык, аба транспорту 30дан 50 чакырымга чейинки аралыкты 20 мүнөттө басып өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү m.korea.net маалымат булагы жазды.
Sputnik

Сеулдун борборунда дрон-такси сыноодон өткөрүлдү. Учуучу унаа жети мүнөткө жакын абада болуп, 3,6 чакырымды басып өттү.

Бишкектеги такси кызматы. Баалары, телефондору жана WhatsApp
Сыноо Кореянын аба кыймылын башкаруу тутумун жайылтуу боюнча өкмөттүн көргөзмө иш-чарасынын алкагында жасалган.

Өкмөт шаардык аба транспортун коммерциялаштыруу менен жол тыгыны көйгөйүн чечүүгө ниеттенүүдө.

Автономдуу эки орундуу дрон-таксини кытай компаниясы иштеп чыккан. Түштүк кореялык уюмдар мындай учуучу-унаанын прототиптерин түзүү менен алектенишери айтылат.