104 жаштагы байбиче паспортун алмаштырды. Кочкордо калкты тейлөө борбору ачылды

Паспортун 26 жылдан кийин жаңыртып жаткан Шамшия Шалпыкова 1916-жылы туулуп, өмүр бою Кочкор районунда жашаган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда калкты тейлөө борбору ачылып, алгачкы кызматын 104 жаштагы байбичеге көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, улгайган аялдын 1994-жылкы паспортун алмаштыруу үчүн калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу анын жашаган үйүнө барып, документтерин кабыл алган. 

104 жаштагы байбиче паспортун алмаштырды. Кочкордо калкты тейлөө борбору ачылды
"Алгачкы кардарлардын бири Шамшия Шалпыкова 1916-жылы туулуп, өмүр бою Кочкор районунда жашаган. Анын жаш курагы эске алынып, бардык кызматтар акысыз көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди

Мындан сырткары, калкты тейлөө борбору 1-топтогу майып, 29 жаштагы Жолдубай Төлөмүш уулунун паспортун алмаштырууга да көмөктөшкөнү айтылды.