Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу өрөөндөрдө кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. 15-ноябрь, жекшембиде, күндүз республиканын айрым аймактарында жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жаанчыл болот. Алдыдагы беш күндүн аба ырайы
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл аймагында +2...+7 градус болот.

Бул күнү борборубузда жаан-чачын жаабайт, ал эми Ошто жамгыр, кар жаайт. Термометр Бишкекте +1...+3, Ошто +6...+8 градусту көрсөтүп турат.