Уулунун көз жумганын 27 жылдан кийин билген эне. Испаниядагы окуя

24 жаштагы жигит 1990-жылдын 8-декабрында Гранада шаарынын жанынан жол кырсыгына кабылып көз жумган. Кырсыктан кабары жок үй-бүлө алты күн өткөндөн кийин аны издей баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Испаниянын соту Ички иштер министрлигине уулунун өлүмү тууралуу 27 жылдан кийин уккан аялга жана маркумдун бир туугандарына компенсация төлөп берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Бир күндө төрт жакынынан ажыраган бүлө, бычакталган өгөй уул. Октябрдагы өкүмдөр
Билдирмеге ылайык, аткаминерлердин катасынан улам энеси уулунун өлүмү жөнүндө билбей жүрө берген.

Маалым болгондой, 24 жаштагы жигит 1990-жылдын 8-декабрында Гранада шаарынын жанынан жол кырсыгына кабылып көз жумган. Кырсыктан кабары жок үй-бүлө алты күн өткөндөн кийин аны издей баштаган. Бирок бюрократиялык каталардан улам анын кырсыктан каза болгонун үй-бүлөсү 2017-жылдын 12-июнунда гана билген.

Тийиштүү органдар мунун себебин дайынсыз жоголгондор менен таанылбаган сөөктөр тууралуу маалымат камтылган полициянын базаларында координациянын жоктугу менен түшүндүргөн.