Орус хакерлери бери жакта эле калат: АКШда чыныгы бийликти ким ээледи?

Бул жолу Америкадагы шайлоо айтылуу "орус хакерлерсиз" өттү көрүнөт. Трансулуттук корпорациялар өздөрү эле аткара алышты.
Sputnik

Жаңы президентти америкалыктарга Google менен Facebook тааныштырды, ал эми Жефф Безоско таандык The Washington Post басылмасына жарыяланган Билл Гейтстин макалалары жалпы америкалык "көрсөткүчтөр" макамына ээ болду. Шайлоого IT тармагынын таасири туурасында Виктория Никифорова ой толгогон.

"BigTech колдоп турбаса, шайлоодон утуп чыкканың болбойт дешти мага. Келгиле ансыз деле мүмкүн экенин аларга эртең көрсөтөлү", — деп кайрылган шайлоо алдында Дональд Трамп өз тарапташтарына.

Эртеси күнү – олуттуу административдик ресурстарга бекитилген маалыматтык технологиялар ага каршы иштеп киргенде президенттин айтканы туура эмес болгону түшүнүктүү болгон.

Ондогон миллион америкалыктардын пикирине, топ-топ бюллетень салуу жана "маркумдардын добуш беришине" байланыштуу сансыз жаңжалдарга карабастан, бүгүн алдыңкы маалымат каражаттары менен биргелешкен интернет-платформалар Жо Байденди Кошмо Штаттардын президенти катары жарыялап койду.

Байдендин тушунда да санкциялар Россияны азапка салабы?
Атаандаштарын шайлоодогу көз боёмочулукка айыптаган президент Трамп сүйлөп жатканда телеканалдардын өчүрүлүшү демократиялык жол-жоболорду шылдыңдоонун жеткен чеги болду.

Соңку айларда IT-корпорациялардын лидерлерин улам АКШ конгрессине жана сенатка сүйрөп келишти, суракка алып, отчёт берүүнү талап кылышты. Негизи Цукербергге (Facebook), Дорси (Twitter), Пичаиге (Google) республикачылар асылса жарашар эле, анткени акыры Трамп менен анын тарапташтарын дал социалдык медиа максаттуу түрдө атайын тепкиге алган. Бирок иш жүзүндө таптакыр башкача.

Конгрессмен-демократтар интернет-платформа жана социалдык медиа ээлерине саясий атаандаштарынан да кем эмес каарын төгүшөт. Республикачылар BigTech топтомун цензурага, ал эми демократтар рынокту монополиялаштырууга айыптады.

Республикачылар мыйзамдын телекоммуникациялар жөнүндөгү 230-бөлүмүн жокко чыгаруу менен опузалашат. Бул операторлорду алардын платформасында жайгашкан ар бир контентке жооптуу кылат. Каалаган колдонуучу каалаган IT-корпорацияны сотко бере алат, ал эми андай доо арыздар (көп болору белгилүү эмеспи) аларды банкроттукка кептейт.

Демократтар IT-корпорацияларга антимонополиялык мыйзамды колдонууну каалашат. Жай жана ыкчам эмес, бирок бул мыйзам чындап эле рынокто диспропорциялуу түрдө чоң үлүштү тартып алган корпорацияларды майдалоого мүмкүндүк берет. Антитресттик мыйзам өз убагында Рокфеллердин мунай бизнесин да, IBM корпорациясын да талкалаган. Шайлоодо кыл чайнашкан ар башка партиялардагы америкалык саясатчылар түшүнүксүз себептерден улам IT-корпорацияларга каршы бириге калышты. Эмнеликтен мындай болуп калды?

Өткөн жыл Кошмо Штаттардагы бийлик тутуму кандай өзгөргөнүн элестүү көрсөтүп берди. Бүт дүйнө көз алдында президент Трамп өлкөнүн көзөмөлүн колдон чыгарды. Бул убакыт бою жалпы америкалык (көбүнесе дүйнөлүк) күн тартибин IT-гиганттар түзүп келген. Социалдык медиа Трампты элге жаман көрсөтүп, анын тарапташтарын кодулап, Black Lives Matter протесттерин шыкактаган.

Путиндин Байденди куттуктоосуна себеп жок
Жер-жерлерде Гейтс, Безос, Цукербергдин "көрсөтмөлөрү" Демократиялык партиялардан чыккан мэр жана губернаторлор тарабынан аткарылып жатты. Президент өлкөнү башкаруу процессинен таптакыр эле четте калган. Анын түз көрсөтмөсүнө баш иймек түгүл Нью-Йорк мэри өз шаарынын көчөлөрүндөгү ызы-чууну шыкактап жана кубаттаган. Ал эми Сиэтлдин мэри Трамптын тартипке келтирүү талабына жооп катары Twitter баракчасына: "Бункериңде отура бер!" – деп жазган.

Ноябрдагы шайлоо бул багытта эч нерсени өзгөртө албады. Жо Байден дагы бийликтин бардык рычагдарынан ажыратылган, декоративдик ролду гана ойногон президент-марионетканын ролуна эң ылайык келет.

Жер-жерлерде мэр жана губернаторлор өз күч жана жөндөмдөрүнө жараша башкарышат. Ал эми аларды Дублинде каттоосу бар трансулуттук компанияларга ээлик кылган кайдагы түшүнүксүз мультимиллиардерлер, же алардын аркасындагы андан да булганган адамдар тескемекчи.

Кошмо Штаттардын президентине, дегеле америкалык саясатчылардын жалпы классына башкаруунун бул эки кабат схемасында орун жок. Дал ушул нерсе партиялык ориентациясына карабай америкалык конгрессмен жана сенаторлорду катуу чочулатат. Алардын баары капыстан өздөрүн ашыкча топ катары сезе түшүштү.

Тегин жерден америкалыктар орус хакерлерин унутта калтырышпаптыр. Көрсө, кириллицадан айырмалантпай программалык код жазган фейктер жөнөкөй жана түшүнүктүү коркунуч гана экен.

Улуттук мамлекеттердин атайын кызматтары дайым бири-бирине ыпластыктарды жасап келишет. Бирок IT-корпорациялардын таасиринин эбегейсиз деңгээлин ушундан билиңиз, бардык улуттук мамлекеттерди алардын атайын кызматтары, саясатчылары, аткаминер, лоббисттери менен бирге, ал түгүл өлбөс Нэнси Пелосини да буттан чалып кое алат.

Жеке бизнесте идеология жок дегенге карабастан интернет-корпорациялар белгилүү жана түшүнүктүү саясий программаны бүт дүйнөгө таңуулоодо. Анын маңызы – ак жуумал көпчүлүктүн укугун бузууда, радикалдуу жашыл программада, деиндустриализация, деулутташтарууда, дүйнө жүзү боюнча эч бүтпөгөн "маданий" согуштарды тутантуу аракетинде.

Батыш "америкалык төөнү" көрбөй, Беларустун башындагы "чөптү" байкаганда
Жөнөкөй демилгелер эбак өздөрүнүн басылмасын жана татаал курулган саясий цензура тутумун түзгөн. Бул күн тартиби бардык өлкөлөргө, бардык континенттерге жеңил көчүрүлүп, аткарылууда. Кээде күлкү келтирерлик, Япониянын тургундары Black Lives митингдерине жапырт чыгууда. Алар кайда, кызыл терилүүлөрдү басмырлоо кайда?! Ошондой эле ийгилик менен бийликтин эки кабат тутумун киргизүүгө болот. Бүгүн Кошмо Штаттар ага сыноо полигону болуп берди.

Интернетке улуттук көзөмөлдүн сынчылары IT-империялардын жеке макамына кайрылат. Социалдык медианын кожоюндары өз "дүкөнүндө" каалаган эрежелерин орнотууга акысы бар имиш. Бирок алардын ишмердигинин монополиялык мүнөзү интернет-гиганттардын кожоюндарына миллиарддаган адамдардын эркин оюн жана каалаган, ал тургай мыкаачылык демилгелерди таркатууну цензуралоого жол берет.

Кезегинде "Фелькишер Беобахтер" (германиялык Völkischer Beobachter – "Элдик баяндамачы", экинчи дүйнөлүк согуш убагында чындыкка коошпогон маалыматтарды жарыялоого жол берилсе да, нускасы арбыгандан арбыган басылма) да өтө эле жеке гезит катары ишин баштаганын эстен чыгарбайлы.