Садыр Жапаров кыргыз тилинен тест тапшырды

Тест өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн дагы баалайт. Жапаров сынактан ийгиликтүү өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров "Кыргызтест" мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

"Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт", — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырганы белгиленди.