Шайлоого катыша тургандардын саны өсүүдө. Курсан Асанов да талапкерлигин койду

Ушуну менен жарышка катышуучулардын жалпы саны 35ке жетти. Шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышуу үчүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы талапкерлигин койду. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу дагы шайлоого катышуу үчүн арызын берди.

Ушуну менен жарышка катышуучулардын жалпы саны 35ке жетти. Буга чейин 33үнүн тизмеси жарыяланган.