БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин айрым жерлерде абанын температурасы түнкүсүн -8...-10 градуска чейин суук болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн - 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу болушу ыктымал. Күндүз 0…5 градус жылуу болору айтылды.
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6 градус, чыгышында -4…-9 градус суук болот. Күндүз 3 градуска чейин жылышы ыктымал. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…- 12 градус суук болсо, күндүз 3 градус жылуу болушу божомолдонду.