Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу

Жакын эле жерден дарбазага топ киргизгенге чабуулчунун чоң мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал эсепти теңемек тургай, эки жолу топ киргизмек. Бирок бул ирет ийгилик ага жылмайган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Израилдеги чемпионатта кыска убакыттын ичинде дарбазага бир нече ирет чабуул жасап, бирок бир дагы жолу топ киргизе албай койгон спортчу элдин эсинде калды. Бул тууралуу Eurosport жазды.

"Секция Нес-Циона" клубунун чабуулчусу Эли Эльбаз "Хапоэля Квар-Шалема" клубуна каршы оюндун аягында чыккан. Эсеп коноктордун пайдасына 1:0 болгон.

Футболчу эсепти оңой эле теңеп коймок, ал тургай эки жолу топ киргизмек. Бирок аракети оңунан чыкпай калган.

Эльбаздын тепкен тобу 83-мүнөттөн 88-мүнөткө чейин төрт ирет дарбазанын кырына тийип туруп алган. Жыйынтыгында эсеп өзгөрбөй 1:0 боюнча калган.