БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Эльнура Боронбаева кыргызстандыктарды зарылчылык болбосо коронавируска каршы дарыларды камдап коюу максатында сатып албоого чакырды. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Боронбаева эл дүрбөлөң түшүп, кереги тийбеген дарыларды сатып алып жатканын бегилейт.
"Айрым жарандар дарыканаларда жай мезгилиндегидей дары тартыштыгы болуп кетет деп чочулап, дары-дармектерди сактап коюу үчүн сатып ала башташат. Алар пайдаланылбай да калышы мүмкүн. Ошондуктан кереги жок эле дарыларды сатып албаңыз. Бул жерде өзгөчө антикоагулянттарга тиешелүү болгон клексан, гепарин жөнүндө сөз жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө рынокто ал дарылар бар", — деген Боронбаева.
Штаб: коронавирус жуктурган 1 104 бейтаптын абалы оор
Ал ошондой эле дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу үчүн эмне кылуу керектигин айтты.