Ак үйдүн алдына келген киши өзүн өрттөйм деп коркутуп жатат. Сүрөт

Өзүн Элдияр деп тааныштырган жаран митинг учурунда Ак үйдү жана башка имараттарды элдик кошуунга кошулуп кайтарганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 13-ноябрда, Ак үйдүн алдына келген киши өзүн-өзү өрттөй турганын айтып коркутууда. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, жаран колуна бензин куюлган бөтөлкө кармап алган.

"Өзүн Элдияр деп тааныштырган жаран митинг учурунда Ак үйдү жана башка имараттарды элдик кошуунга кошулуп кайтарганын айтты. Бирок бүгүнкү күндө үй-бүлөсүн багайын десе жумуш жок болуп жатканын айтып нааразы болууда", - деди кабарчы.

Ак үйдүн жанында учурда милиция кызматкерлери бар. Алар жаранды тынчтанууга чакырып жатышат.