ЖК депутаттары Ак үйгө кирип жыйын өткөрүүдө. Видео

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны октябрь окуясында өрттөлүп кеткенден кийин биринчи ирет Ак үйдө өтүп жатат.
Sputnik

Эске салсак, ЖКнын алтынчы чакырылышынын отуруму Ак үй таланып-талкалангандан кийин убактылуу "Ала-Арча" резиденциясында өтүп келген.

Бүгүнкү күн тартибине 11 документ коюлган.

Эл өкүлдөрү Ак үйдүн батыш залына чогулду. Жалпы жыйындар өтчү чоң зал азырынча калыбына келтириле элек.