Кызматташууга маани беребиз. Жапаров ЖККУнун башкы катчысы менен сүйлөштү

Жапаров Кыргызстан ЖККУнун бюджетине төгө турган мүчөлүк төлөм боюнча бардык милдеттерин толук аткара тургандыгын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 12-ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жапаров Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө артыкчылыктуу маани бере тургандыгын айтты. Уюмдун аймактагы коопсуздуктун иштиктүү механизми катары дараметин бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Путин: акыркы жылдары Кыргызстанга туруктуулук жетпей жатты

Башкы катчы Станислав Зась өз кезегинде 2020-жылдын декабрь айына өткөрүү пландаштырылган ЖККУнун кезектеги сессиясына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берген. Ошондой эле уюмдун жакынкы мезгилге артыкчылыктуу багыттары тууралуу кабарлаган.

"Жапаров кыргыз тарап ЖККУнун ордун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экенин баса белгилеп, ошондой эле пандемияга байланыштуу социалдык-экономикалык оор абалга карабастан, Кыргызстан ЖККУнун бюджетине төгө турган мүчөлүк төлөм боюнча бардык милдеттерин толук аткара тургандыгын белгиледи", — деп кабарлашты маалымат кызматынан.

Бүгүн Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен да телефон аркылуу кыргыз-россия мамилесинин абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшкөн.