Садыр Жапаров президенттин милдетин ким аткарып, премьерлик кимге өтөрүн айтты

Буга чейин Жапаров президенттик шайлоого катышууга камынып жаткандыктан, 14-ноябрда учурда аткарып жаткан кызматтарын өткөрүп берерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин спикерине тиет, ал эми өкмөт башчылык кызматты биринчи вице-премьер аткарып калат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттерге өткөргөн маалымат жыйында айтты.

Буга чейин Жапаров президенттик шайлоого катышууга камынып жаткандыктан, 14-ноябрда учурда аткарып жаткан кызматтарын өткөрүп берерин айткан.

Президенттин милдетин аткарган кызматын тапшыргандан кийин ал милдет автоматтык түрдө ЖКнын төрагасына, тагыраагы, Талант Мамытовго өтөрүн айтты.

ЖКнын шайлоо босогосу менен күрөө көлөмү кыскарды. Мыйзамга кол коюлду

Ал эми өкмөт башчылык кызматты биринчи вице-премьер Артем Новиков аткарып калат.

"Тагыраак айтканда, мыйзам боюнча шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылыгымды мен да тапшырышым керек", — деди Жапаров.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Конституция президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого катыша албайт.