Таш-Көмүрдөгү көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды

ӨКМдин кызматкерлери маркумдун сөөгүн суудан чыгаргандан кийин ИИМдин өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы көлмөдөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

11-ноябрь күнү саат 13:59да Шамалды-Сай ГЭСиндеги көлмөдө эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкектеги батирлердин биринен ӨКМ кызматкерлери кемпирдин сөөгүн табышты

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.