Муунта берет... Садыр Жапаров эмнеге галстук тагынбай жүргөнүн айтты. Видео

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун бүгүнкү маалымат жыйынында журналисттердин бири ал эмнеге галстук такпай жүргөнүнө кызыгып, суроо узатты.
Sputnik

Жапаров мунун жүйөлүү себеби жок экенин, жөн гана муунта бергендиктен тагынбай жүргөнүн билдирди. Бирок кечээ ШКУнун жыйынында башка өлкөнүн лидерлери менен баарлашууда галстук тагынып отурганын мисал келтирди.