БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бир тууган эжеси банкты жетектеп турганда акчаларды чыгарып кеткен деген сөздөр боюнча комментарий берди.
Эскерте кетсек, буга чейин мурдагы вице-премьер Эркин Асрандиев Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райгүл Жапаровага байланышкан окуя тууралуу билдирип, мындан улам Садыр Жапаров менен иштешүүдөн баш тарткан.
Жапаров эжесине козголгон иш саясий заказ болгонун белгиледи.
"Эркин Асрандиев мага саясий оппонент катары менин эжем боюнча жазды. Ал жерде толук маалымат жок. Бул мурдагы бийликтин саясий заказы экени жашыруун эмес. Кылмыш иши буюртма менен козголгон. Мен 8-10 жыл куугунтукта жүрдүм. Мындан улам менин жакындарымды куугунтукка алышкан. Эжем да ошол учурдун курмандыгы болгон. Эгерде бул кылмыш иши боюнча билгиси келгендер болсо, мен документтерди бере алам. Асрандиев ошол кезде банкта консерватор болгон экен. Козголгон кылмыш ишин окуп эле элге жарыялаган. Биринчи айтылган маалымат элге тез тарайт. Чындык чыккандан кийин баары өзгөрөт", — деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, Райгүл Жапарова 2015-жылы сыртынан соттолгон. Ага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражатын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыптар тагылган.
Бир дагы жер сатылбайт! Садыр Жапаров тышкы карыздан кутулуунун бир жолун айтты
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүп жатат. Аны чагылдырууга республикалык жана чет өлкөлүк 86 ЖМКдан 148 журналист катталган.