Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин койду

Садык Шер-Нияз буга чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болчу. Кийин ал өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, ордун Өмүрбек Текебаевге бошотуп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, арызын жазды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Садык Шер-Нияз буга чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болчу. Кийин ал өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, ордун Өмүрбек Текебаевге бошотуп берген.

Муну менен Кыргызстандын президенти болуу үчүн талапкерлигин көрсөткөн адамдардын саны 17ге жетти.

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Өлкөдө мамлекет башчысын шайлоо күнү 2021-жылдын 10-январына бектилген.