Бакиевдин жакындарына жардам берген. Бишкекте мурдагы судья кармалды

2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат сот тутуму жана бир катар мекемелердин жетекчилери катышкан коррупциялык схеманы аныктады. Анын негизинде Бишкектин райондор аралык сотунун мурдагы судьясы кармалды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Финпол жүргүзгөн тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен "Г.Э" ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК: Аламүдүн районунун прокурору менен орун басары пара алды деп кармалды. Сүрөт

"11-ноябрда аталган кылмыш иштин негизинде Ч.С. аттуу Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы кармалды. Ошондой эле Бишкектин райондор аралык сотунун мурдагы судьясы Ж.Н. колго түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта жогорудагы кылмышка тиешеси бар адамдардын кайда экенин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.