Бишкек ШИИБдин Telegram-каналы иштей баштады. Шилтеме

Каналды ШИИБ коомчулук, бардык жарандар менен тыгыз байланышта болуп, ачык пикир алмашуу максатында ачкан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин расмий Telegram-каналы ачылганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

ШИИБ аталган каналды коомчулук, бардык жарандар менен тыгыз байланышта болуп, ачык пикир алмашуу максатында ачкандыгы айтылды.

Telegram-каналга шилтеме аркылуу кирип, ШИИБдин жумуштары менен таанышып, видеолорун көрө аласыздар.