Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Жол кырсыгын жана тыгынды алдын алуу максатында "Сосновка" постунан саат 18:00дөн кийин жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. – Sputnik. Аба ырайынын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек – Ош трассасында жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чек коюлду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.

"Жол кырсыгын жана тыгынды алдын алуу максатында "Сосновка" постунан саат 18:00дөн кийин жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат", — дешти ОИИБден.

Милиция айдоочуларды тоолуу аймактарда жүрүүдө сак болууга чакырат.