Балдардын тамагын жакшыртуу боюнча расмий портал иштей баштады

Ата-энелер сайттан балага туура тамак берүү боюнча пайдалуу кеңештерди гана албастан, андагы ар кандай сынактарга катышып, баалуу белектерди утса болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Балдардын жана мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча расмий портал иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сайтты Билим берүү министрлиги россиялык тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте иштеп чыккан.

"Порталга tamakash.edu.gov.kg дареги аркылуу кирүүгө болот. Анда баланын мектептеги жана үйдөгү тамактануусун жакшыртуу тууралуу пайдалуу маалыматтар бар. Ошондой эле мектептердин ысык тамактанууну уюштуруудагы маалыматтары, балага тамакты туура тандап берүү боюнча адистин кеңештери да камтылган", — деп айтылат маалыматта.

Пульмонолог: балдардын күз-кышта көп оорушу мыйзам ченемдүү көрүнүш

Мындан сырткары, ата-энелер сайтка жайгаштырылган ар кандай сынактарга катышып, баалуу белектерди утуп алса болот.