УКМК: Аламүдүн районунун прокурору менен орун басары пара алды деп кармалды. Сүрөт

Аламүдүн райондук прокуратурасынын жетекчилиги тергөө бөлүмдөрү менен ич ара сүйлөшүп алып, кылмыш иштери жүрүп жаткан адамдардан тигил же бул процессуалдык чечими үчүн акча алып турушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокурору менен анын орун басары пара алган деген айып менен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн райондук прокуратурасына пара алуу фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Териштирүү учурунда Аламүдүн райондук прокуратурасынын жетекчилиги тергөө бөлүмдөрү менен ич ара сүйлөшүп алып, кылмыш иштери жүрүп жаткан адамдардан тигил же бул процессуалдык чечими үчүн акча алып турушканы аныкталган", — деп айтылат билдирмеде.

Сузакта милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды

Жакында эле Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөөлөр бөлүмү менен биргеликте ыкчам тергөө иштери жүргөн. Анда Аламүдүн районунун С.Э.А. аттуу прокурору жана анын М.А.С. аттуу орун басары кармалган.

Маалымат кызматынан колго түшүрүлгөндөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалашты.