Сузакта милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды

УКМКдан кармалган милиция кызматкери арыз ээсинен миң доллар талап кылгандыгын айтышты. Учурда ал Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Сузакта милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды
"Кармалган адам (милиция кызматкери -ред. ) жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 доллар талап кылгандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Кабинетте каткырып, акча жыйнап... Аткаминердин пара алып жаткан видеосу

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалымат кызматы кармалган милиция кызматкеринин Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин кошумчалады.