Сузакта бири-бирин аткылаган эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Сүрөт

Кармалгандар ээнбаштык кылган, мыйзамсыз курал алып жүргөн жана укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөткөн деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгы Сузактагы эки топтун ортосундагы кылмыштуу тирешүүлөргө катышкан адамдарды кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алар 8-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон ээнбаштык, курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү фактыларына, анын ичинде укук коргоо органынын өкүлүнө каршылык көрсөткөн деп шектелүүдө.

Бул боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине төрт факты катталган.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында 27-октябрда атайын операция жүргүзүлүп, эки кылмыштуу топтун алты мүчөсү кармалган. Андан соң ок атуу менен коштолгон криминалдык тирешүүгө катыштыгы бар деп шектелген дагы эки жаран колго түшүрүлдү. Алар Сузак районунун тургундары болгон, бирок эки башка топтун мүчөлөрү. Биринчиси М.З. аттуу киши 29 жашта, экинчиси Ш.Н. 29 жашта, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыштуу топ ишкердин мойнуна 100 миң доллар илип койгон. Шектүүлөр кармалды

Ошондой эле чыр-чатак учурунда айдап жүргөн Lexus үлгүсүндөгү автоунаа табылып, айып короого киргизилген.

ИИМдин Тергөө кызматы жогорудагы фактылар боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн улантууда.