БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам элдин кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:
- Өлкө аймагында толугу менен 2-форма аркылуу арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана 2-форма менен арыз берүүгө укуктуу;
- шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);
- шайлоо күрөөсү 5 млн. сомдон 1 млн. сомго түшүрүлгөн;
- шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.