Сурабалдиева митингге чыккан соодагерлердин маселесин карап берүүнү убадалады

Сурабалдиева чогулгандардын арыз-муңун уккандан кийин маселени башка кесиптештери менен талкуулап көрөрүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдына чогулган "Караван" соода борборунда иштеген ижарачылар менен вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жолукту.

Митингге чыккандар "Караван" соода борборун онлайн-аукционго коюуга каршы. Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода үйүн онлайн-аукционго койсо, анда иштегендер бутиктеринен ажырап калат.

Сурабалдиева соодагерлердин арыз-муңун угуп, башка кесиптештери менен бул маселени талкуулап, бир жуманын аралыгында карап чыгууну убадалады.

Андан соң чогулгандар койгон талаптарын жазуу түрүндө да берүү үчүн кол чогулта баштады.

Соодагер аялдар Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасашты. Видео

"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүп берилген.