БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Эски аянтка чогулган "Караван" соода борборунда иштегендер Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирип, видеосун жөнөттү.
Кадрдан соодагер аялдардын Өкмөт үйүнүн батыш тарабындагы эшигинен кирүүгө аракет кылышканын көрүүгө болот. Бирок ичиндегилер аларды киргизбей эшикти жаап алышкан.
Өкмөт үйүнө кире албай калгандар "Уят! Уят!" деп кыйкырып жатышты.
Чогулгандар "Караван" соода борборун онлайн-аукционго коюуга каршы. Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода үйүн онлайн-аукционго койсо, анда иштегендер бутиктеринен ажырап калат.
Өкмөт үйүнүн алдында катары менен үч митинг өтүүдө. Сүрөттөр
"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүп берилген.