Садыр Жапаров баш прокурордун эки орун басарын кызматтан алды

Дарданов бул кызматка 2018-жылдын 30-майында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунун прокурору болуп иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Баш прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дарданов жана дагы бир орун басары Нурлан Дүйшөмбиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйруктарга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматта экөө тең эмненин негизинде кызматтан алынганы жазылган эмес.

Дарданов баш прокурордун биринчи орун басары болуп 2018-жылдын 30-майында дайындалган. Ага чейин Нарын облусунун прокурору болуп иштеген.

Аида Исмаилова менен Улукбек Кочкоров кызматтан бошотулду

Ал эми Дүйшөмбиев 2017-жылдын 14-сентябрынан бери эмгектенип келе жаткан. Андан мурда аскер прокурорунун орун басары болгон.