БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ар кайсы иликтөөлөргө караганда, коронавирустан дарылангандардын 90 пайызы антибиотиктерди пайдаланышат, бирок алар COVID-19ду айыктырбайт. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы микробиологу Роман Козловго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Антибиотиктер вируска эмес бактерияларга каршы колдонулат. Андыктан COVID-19ду айыктырууга эч качан жардам бере албайт. Тескерисинче, себеби жок пайдалангандыктан, кийин кесепети кооптуу болушу мүмкүн. Качан гана дарыгер бейтапты текшерип көрүп, оору өтүшүп, бактериялык инфекцияга айланып кеткенин билгенден кийин антибиотиктерди жазат", — деди Козлов.
Оксфорддук окумуштуулар: суук тийгенде дарыга караганда бал пайдалуу
Андыктан дарыгер коронавирус же башка сезондук сасык тумоолор учурунда өзү билемдик кылып антибиотик менен дарыланбоого чакырат. Дегеле антибиотик туура эмес пайдаланылган учурда организмге зыян алып келгендиктен, аны дарыгердин кеңеши жок ичпеш керектигин кошумчалайт.