Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү узартылды. Судья алмашат

Атамбаевдин кеңешчисинин айтымында, Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумду алып барбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун чечими менен Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү 2021-жылдын 11-январына жылдырылды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.

Ал ошондой эле Ирина Карамушкинанын адвокаты судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөн өтүнүчү канааттандырылганын айтты. Жолдубаева белгилегендей, Марат Сыдыков мындан ары бул иш боюнча сот отурумдарын алып барбайт.

Жолдубаеванын айтымында, сот Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Амангелди Какебаев, Фархат Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков, Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкинанын үй камагындагы мөөнөтүн узартты.

“Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында массалык башаламандык уюштурган деп шектелип камакта жаткандыктан, сот алардын баш коргоо чарасын караган жок”, — деген Жолдубаева.

Жаңы судья качан дайындалары, кийинки сот отуруму качан болору азырынча белгисиз.

Сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын караган жок. Себеби

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-ноябрда, 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралды. Процесс жабык жүрдү. Алмазбек Атамбаев сот залына алынып келинген.

5-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өттү. Кечинде Ак үйдү курчоого алуу аракетинен кийин демонстранттар менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон. Андан миңден ашуун адам жаракат алып, бирөө каза болгон.

Түнкүсүн митингчилер Ак үйдү басып алып, андан соң Алмазбек Атамбаевди, анын тарапташтарын жана башка саясатчыларды бошотушкан. Атамбаев 10-октябрда массалык башаламандыкты уюштургандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган.

Атамбаев ошондой эле 2019-жылы жайында Кой-Таштагы хан сарайында болгон окуялар боюнча соттолуучу катары саналууда.
Андагы атайын операция учурунда Альфа атайын аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болгон. Мындан сырткары, Башкы прокуратура билдиргендей, Атамбаев мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирген (коррупция, мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактыларынын негизинде) деп шектелип жатат.

Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмышка шектелип, 11 жылга эркинен ажыратылган.