Коронавирустан көз жумган медик өлөр алдында видео кайрылуу жаздырган

Медик видео кайрылуусунда жакындарын жакшы көрөрүн айтып, алар менен коштошпой турганын, жакында сакайып чыгарын билдирген. Бирок, тилекке каршы, бир нече сааттан кийин көз жумган.
Sputnik

El Mundo басылмасы билдиргендей, мексикалык медик Серхио Эрнандес коронавирус жуктуруп, оор абалда ооруканага түшкөн. Медицина кызматкери өлүм алдындагы видео кайрылуусун аппаратта жатканда жаздырган.

Эрнандес Мексикадагы Чиуауа штатындагы ооруканалардын биринде иштечү.

"Кудай маңдайыма эмнени жазып, кандай күн келбесин, кандай адам экениме карабай мени унутпагыла. Бул коштошуу эмес. Бир нече күндөн кийин айыгып сөзсүз келем, андан ары жашоону улантабыз. Баарыңарды жакшы көрөм", — деген медик.

Тилекке каршы, бир нече сааттан кийин 28 жаштагы Эрнандес көз жумган.

COVID: өткөн суткада дагы үч киши каза тапты

Акыркы маалыматтар боюнча, Мексикада миллионго жакын адамдан коронавирус табылган. Анын ичинен 95 миңден ашык бейтап каза тапкан.