Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Талапкер буга чейин 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын лидери катары катышкан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ал БШКга бүгүн, 11-ноябрда, өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү жолу менен кайрылган.

Клара Сооронкулова жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын лидери катары катышкан болчу.

Жапаров менен жолуккан Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Ушуну менен мамлекет башчылыкка өзүн көрсөтүү ниетин билдирген жарандардын саны 12ге жетти.