COVID-19дан кийин ден соолукту кантип калыбына келтирүү керек? Адистин кеңеши

Дарыгер адегенде бардык анализдерди тапшырып, терапевттен алдын ала корутунду алуу керектигин, ошондой эле неврологго кайрылуу зарылдыгын айтат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Россиялык дарыгер Яна Осинцева коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү боюнча кеңеш берди. Бул тууралуу "Петербургский дневник" басылмасы жазды.

Дарыгер адегенде бардык анализдерди тапшырып, терапевттен алдын ала корутунду алуу керектигин айтат. Осинцева айыгып кеткенден кийин терапевтке үч жолу, 1-3-6 айдан кийин барууга кеңеш берет.

Мындан тышкары, ал невропатологдордун көзөмөлүндө болуу зарылдыгын белгилейт.

"Адистер ошондой эле алдын алуу максатында В тобундагы витаминдерди ичүүнү жана дем алуучу көнүгүүлөрдү жасоону сунушташат. Барокамералар, түрдүү ингаляция, дем алуучу көнүгүүлөр жакшы натыйжа берет", — деп белгилеген Осинцева.

Адис: COVID-19 учурунда үйдү тазалап туруу зарыл

Доктор башка физиотерапевттик процедуралар сыяктуу эле ингаляцияны курсу менен өткөрүүнү эскерткен.