Өкмөт үйүнүн алдында катары менен үч митинг өтүүдө. Сүрөттөр

Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү отурган имараттын айланасына энергетиктер, "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчилигине нааразы болгондор жана соодагерлер чогулган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында катары менен үч митинг өтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, имараттын чыгыш тарабында "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери митинг кылууда. Алар нааразычылык акциясын октябрдын аягында эле башташкан. Чогулгандар компаниянын азыркы жетекчиси Улан Астаркуловдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, ордуна мурдагы жетекчи Доскул Бекмурзаевдин келишин талап кылышууда.

Өкмөт үйүнүн түндүк тарабына "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Алимбековдун жумуштан кетишин талап кылгандар чогулган.

Ал эми батыш бөлүгүндө "Караван" соода борборунун соодагерлери митинг өткөрүүдө.

Буга чейин алар эгер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода борборду онлайн-аукционго койсо, алар бутиктеринен ажырап каларын айтышкан.

Арменияда митингчилер парламент спикерин сабап кетти. Видео

"Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүлүп берилген.