Бишкекте вагондо өрт чыгып, бир адам каза болду

Тилсиз жоо менен кармашууга бир өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Өрт саат 22:15те толугу менен өчүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде вагон күйүп, бир адам каза болду. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Өрт тууралуу маалымат түшөрү менен саат 20:36да бир бригада чыгып кеткен.

Вагондон чыккан өрт саат 21:10до чектөөгө алынып, саат 22:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болгону айтылды, учурда анын ким экени такталууда.