Кечээ кечинде Баткен менен Ош облустарында жер титиреди

Жердин силкингени Баткен облусунун Кан, Зардалы, Чоң Алай районунун Дароот-Коргон айылдарында сезилген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кечээ, 10-ноябрда, саат 20:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Ал эми Баткен облусунун Кан, Зардалы айылдарында 3 балл, Баткен шаарында жана Ош облусунун Чоң Алай районунун Дароот-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.