Лондондо коронавирустан улам (Улуу Британия) обочолонуу башталды, ресторандар, чачтарачканалар жана кийим дүкөндөрү 2-декабрга чейин жабылды.
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо президенттин кубогу үчүн көк бөрү турниринин жогорку жана биринчи лигасынын финалы өттү.
Аттан кулап, улакты тырыша кармаган оюнчулар. Көк бөрү финалынан сүрөттөр
Жозеф Байден АКШнын президенти болуп шайланганын жар салды. Буга чейин ЖМКлар өз эсептөөлөрүнө таянып, шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери утканын жазып чыгышкан.
Бразилиялык жаш ойлоп табуучу жана Гарри Поттердин күйөрманы "учуучу шыпыргыны" ойлоп тапты.
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги Ак үйдүн имаратынын айланасындагы тосмону алышты.
Россияда Улуттук биримдик күнү белгиленди.
Пекинде (Кытай) салттуу мода жумалыгы өттү.
Ак үйдүн айланасындагы тосмолорду алып жаткан учурдан 18 сүрөт
Тоолуу Карабахта Армения менен Азербайжандын ортосундагы аскердик кагылышуулар уланды.
Измирдеги (Түркия) зилзаладан төрт күн өткөндөн кийин урандылардын астында калган төрт жаштагы кыз куткарылды. Акыркы маалыматтар боюнча, 114 адам каза болуп, миңден ашуун адам жаракат алды. 20га жакын имарат жарактан чыккан.
Махараштра штатында (Индия) Мумбайда теле алып баруучу Арнаб Госваминин камалышына байланыштуу Бхаратия Жанатанын партиялык кызматкерлери тарабынан өкмөткө каршы нааразычылык акциясы өттү.
Тбилисиде (Грузия) полиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан демонстранттарга карата суу менен атуучу техниканы колдонду.
Россияда спорттук күрөш боюнча "Гран-при Москва — 2020" эл аралык мелдеш өттү.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышты.