Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты

ШКУ саммитинде Жапаров Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо таза жана атаандаштыкта өтө тургандыгын айтып, бул мындан аркы туруктуулуктун кепилдиги экендигин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышып отурган лидерлерге Кыргызстанда шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүн айтты.

"Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Аны таза жана атаандаштыкта өткөрүү — өлкөдөгү мындан аркы туруктуулуктун кепилдиги. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү", — деген Жапаров.

Путин Кыргызстандын ички иштерине сырттан кийлигишүүлөргө каршы экенин билдирди

Эске салсак, Кыргызстанда президенттиктен кийин эле Жогорку Кеңешке шайлоо болот.